Грузиянын президенти Михаил Саакашвили орус тынчтык күчтөрүнүн мындай аракетин “кол салуу” катары баалап, ал күчтөрдүн башчысы генерал Сергей Чабанды тез күндөрдө Грузиядан чыгып кетүүнү талап кылды. Генерал Чабан өз кезегинде чатакты баштаган грузин полициячылары экенин билдирүүдө.