11:47 «Ак жол» партиясынын талапкерлеринин тизмеси 9-ноябрда такталат

Бул тууралуу партиянын жооптуу катчысы Жангроз Каниметов бүгүн билдирди. Анын айтымында, 9-ноябрда партиянын саясий кеңешинин жыйыны болуп, анда партиянын парламенттик шайлоого баруучу талапкерлеринин тизмеси такталат. Такталган тизме 10-ноябрда болуучу партиянын курултайына бекитүүгө сунушталат. (AiT)