Ооганстанда жолго коюлган бомбадан төрт полиция кызматкери каза тапты

Газнанын түштүк-батыш аймагында жолго коюлган бомбадан төрт полиция кызматкери каза таап, дагы экөө оор жаракат алышкан. Оганстандын ички иштер кызматы мурунку күнү Урузган провинциясына жакын жерде 25 талибан өлтүрүлгөндүгүн маалымдаган эле.