7:30 Бүгүн БШК саясий партиялар үчүн жыйын өткөрөт

“Ысыккөл” мейманканасында өтүүчү жыйында БШКнын мүчөлөрү саясий партиялардын мүчөлөрүнө парламенттик шайлоого катышуунун жол-жобосун түшүндүрүп беришет. Анда шайлоого катышуу үчүн катталуу, шайлоо фондун түзүү сыяктуу Шайлоо кодексинин шарттары тууралуу кеңири маалымдалмакчы. БШКнын мүчөсү Жеңишбек Акматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча парламенттик шайлоо алдында саясий партиялар үчүн түшүнбөстүктөр болбосун деген максатта жыйын БШК тарабынан уюштурулуп жатат. Буга чейин мындай түшүндүрүү иштери маалымат каражаттары үчүн өткөрүлгөн. (ZKo)