Грузияда көчө салгылаштарынан кийин чукул кырдаал киргизилди

Шаршемби күнү Тбилиси шаарына киргизилген чукул кырдаал көп өтпөй жалпы өлкө боюнча жарыяланды. Өкмөт башчысы Зураб Ногайдели "бийликтер төңкөрүш
аракетин болтурбай калды" деп айтты. Оппозиця лидерлери Саакашвилинин соңку кадамдары анын авторитардык жана коррупциялашкан президент экендигин далилдеди деп баалашууда. 15 күндүк чукул абал мезгилинде бардык көз карандысыз телеканалдардын жаңылыктар программалары токтотулат.
Беш күндөн бери парламенттин алдында президент Михаил Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн талап кылып турган митингчилерди кечээ полиция желим таяк, көздөн жаш агызуучу газ жана суунун катуу агымы менен кууп тараткан. Полиция менен
кагылышуу учурунда 500 киши жабыркаганы айтылууда.