14:50 А. Атамбаевдин ууланганы боюнча дарыгерлердин жыйынтыгы жарыяланат

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, текшерүүдөн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаевдин организиминен уулу заттын белгилүү өлчөмдө чыккандыгы тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын дарылоо-денсоолукту чыңдоо бөлүмүнүн, Турциянын Аскер-медициналык академиясынын, Мамлекеттик күзөт кызматынын жана Орусиянын ФСБнын криминалистика институтунун чыгарган жыйынтыгы коомчулукка жарыяланат. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын Атамбаевдин организминде уулу заттын белгилери жок деген бүгүн тараткан маалыматы себеп болгон. (AJ)