НУРАК ЫРЧЫ, АЙТУУЧУ

Өткөндөгү берүүбүздө кабарчыбыз Балбай Алагушов ар тараптуу шыкка бай Нурак Абдрахмановдун комузчу-аткаруучулук, устачылык, күүчүлүк чыгармачылыгын угармандарга тааныштарыган эле. Азыр болсо кабарчыбыз белгилүү шайырдын ырчы-аткаруучулук өнөрүн угармандарга таанышчырмакчы.
- Нурак мырза, комуз музыкасына кандай салым кошсоң элдик ыр чыгармачылыгынын кооз үлгүлөрүн калк арасына жайылтууда дал ошондой үлүш кошуп келе жатасың. Деги ыр дүйнөсүнө канча жашыңдан баштап аралаштың эле?

- Мен 20 жашымдан баштап ырдай баштадым. Эр жеткенде тели-теңтуштар менен ырдап жүрдүк. Мен 5 жашымдан баштап комуз черткендиктен, башкаларга салыштырганда музыкалык туйуу сезүүлөрүм күчтүрөөк экен. Курбуларым ой сен жакшы ырдап атасың деп керелдин кечке ырдата беришээр эле. Ошентип жүрүп ырчы болуп чыга келет экенсиң. 20-30 жаштарыңда өмүрдүн бир ыр менен айкашкан учуру болот экен. Ушул кездерде ырга болгон табитиң ашып-ташып, махабат ырларын ырдагыңды келтирет. Атам “Акзыйнатты”, “Даанышманды” укканда ырлардын төрөлөрү деп таанышып отурар эле. Атамдын таасири кеңеши менен күү чертип ырдап калдым, ырларды кечирээк баштадым. Маркум атам Мусанын “Даанышманын” суктанып угар эле. Азыр “Даанышманды” аткарып берейин. Сөзү элдики, обону Муса Баетовдуку:

Атыңды угуп алыстан,
Айлыңдан чочуйм барыштан.
Ашыктык оту желимдей,
Ансайын мага жабышкан.

Аман бол кайра көргөнчө
Асылкеч курбум, даанышман
Азабы калбас жүрөктө
Арзыган күнү таанышсам.

Кабарын угуп алыстан,
Калкыңдан чочуйм барыштан,
Ашыктык оту күйгүзүп
Кайгыртып мага жабышкан.

Кош болгун кайра көргөчө
Кадыркеч курбум, даанышман
Капасы калбас жүрөктө
Каалаган күнү таанышсам.


- Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясына кандайча кабыл алынып калдың?

- Филармонияга элдик ырчыларды тандоо жүрүп жатыптыр. Асек Жумабаев карып калды. Улуу шайырлардын ырларын ырдаган жаш ырчы табыш керек деп филармониянын жетекчилери издеп атат деген сөздү бирөөлөрдөн угуп филрамонияга бардым. Ак таңдай акындар А.Айталиев, З.Үсөнбаев, Э.Турсуналиев, Т.Абдиевдин катышуусунда ырдап бердим. Алар, о мына даяр экен, табылды, табылды – дешип филармонияга кабыл алышты. Ошентип иштеп калдым. Жаңыдан мурут коюп жүргөн кезим эле. Ашыкем (Ашыраалы), Эстекем (Эстебес), Боогачы, Сыртбай, Калмуратбек ырларын эч ким ырдабай калды эле. Биздин тилди алсаң сакал мурутуңду алба. Сен ошол аксакалдарга окшоп атасың. Арбактары колдосун. Эгерде мурут, сакалыңды алсаң залкар ырчылардын ырлары сага жарашпай калат. Биз батабызды берелик дешти. Ошентип, мурут, сакалымды алган жокмун. Анан Боогачы, Сыртбайдын, Атайдын, Мусанын ырларын эл алдына ырдай баштадым. Ошентип сакалчан ырчы болуп калдым. Эми угуучуларга айтылуу Боогачы атамдын атактуу ыры “Үкөйүн” мындайча ырдап чыктым. Сөзү, обону Боогачы Жакыпбек уулунуку. Биздин айылда атамдын Орозбек деген курдашы бар эле. Ошол “Үкөйдү” укмуштай созолонтуп минтип ырдар эле.

Алалуу жылкы элде бар
Ашыктык милдет сенде
Армандуу болдум жете албай
Үкөйүм, аз милдетиң менде бар.

Кулалуу жылкы элде бар
Курдаштык милдет сенде бар
Кусадар болдум жете албай
Куп милдетиң менде бар.

Ар убак турат эсимде
Айлыңа барсам кечинде
Алтынга окшош Үкөйүм,
Ай тийген тоонун бетинде.

Күмүшүм турат эсимде,
Күнүгө барсам элиңе.
Күмүшкө окшош Үкөйүм
Күн тийген тоонун бетинде.


- Нурак, мына азыркыдай классик обончулардын ырларын ырдоо менен бирге өзүң дагы обон чыгарып көрдүңбү?

- Өзүм дагы обон чыгарып жүрөм. Бирок залкар обончулардын обондорунун деңгээлине көтөрүлө албагандыктан ырдабай жүрөм. Биздин обондор ушунчалык оригиналдуу, дүйнөдө жок көркөмдүү да, мукамдуу да, эч бир элдикине окшошпойт. Биз чыгарсак эле обондорубуздан батышты жыты келип турат.

- Эми өзүңдүн чыгарган обонуңан бир-эки шингил угармандарга таштап койсоң?

- Эми ашык темасына арналган ырларымдын кыскарганынан бирди аткарып берейин. “Аппак сүйүү тапкыла” аттуу ырымды ырчы кыздарыбыз ырдап жүрүшөт:

Бабалардан калган турмуш ырды ай,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда,
Өмүр таңы экөөбүз тең орток ай,
Теңтуш болдуң жаным сүйүү жазында.

Сенсиз көрккө келбейт жазгы тексиз желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмелбей эй,
Билчи жаным билчи жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып кирип.

Бир берилген шаттуу өмүрдө эй,
Кир кетпесин аруу көңүлгө,
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор ай,
Аккуу мисал сүзсөк жаштык көңүлдө.


- Нурак мырза, улуу комузчулардын күүлөрүн чертүү, айтылуу обончулардын ырларын аткаруу, күү, обон чыгаруу менен бирге айыл аралап гастролдорго, чет өлкөлөргө чыкканда “Манастан” да үзүндүлөрдү айта коет экенсиң. Кайсыл манасчынын вариантын айтып жүрөсүң. Ошондон угармандарга тартуулап койсоң?

- Атам маркум айылдагы, райондогу манасчыларды үйгө алып келип «Манас» айтыраар эле. Анан басмадан Манастын үч илиги чыккандан “Манасты” окутчу. Күнүнө эки саат “Манасты” окутуу өзүнчө бир салтка айланган эле. Ошентип, Манасты жаттабасак деле жат болуп, айтпасак деле айтып бала кезде Манасчы болуп калганбыз. Айыл аралаганда, чет өлкөгө гастролго чыкканда Молдобасан атабыздын кырааты менен “Манастан” 3-4 шингил таштап коем. Бейтааныш угуучулар тим эле ыраазы болуп калышат. Ошондо Манастын касиетине, адамды багынта турган сыйкырына ушунчалык тен бересиң. Эми Манас атабыздын чоң казатка аттанган жеринен үзүндү айтып берейин:

Эй, Айкөлүң жүрдү жол менен,
Отуз түмөн кол менен
Он сегиз айры көтөрүп,
Оргуп аскер мол жүрүп,
Казканактап жарданып,
Караган педе таң калып,
Жээк тартып кылкылдап
Желектин баары былкылдап.
Теширдүү найза жылтылдап,
Бет алышкан душмандын
Таасиринен эт жүрөгү зырпылдап,
Эй, баатыр Манас чалкайып,
Кечээ Алатоодой заңкыйып,
Арт жагынан карасаң,
Казылуунун түрү бар,
Маңдайынан карасаң,
Ажыдаардын сүрү бар.
Кыйкырганда Манас ата
Кырк миң шердин үнү
Бээжиниң турмак ал күнү
Көйкапты бузчу түрү бар ой, ой
Манастын түрүн карасаң,
Торосу узун, бою пас
Тулку бою кара таш,
Кан ченгелдеп туулган
Каптаган жагы жуулган
Жин чеңгелдеп туулган
Манас жерге түшкөндө,
Кайкап жин пери,
Ошолор салган чуулган,
Ээри шалпык, ээрди узун
Мурду кырдач, кара сур,
Пендеде болбойт мындай түр.
Каармандай түрлөнүп
Кабылгандай сүрдөнүп,
Атка минсе күүлөнүп,
Ошол айың менен күнүңдүн
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Алтын менен күмүштүн,
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Абадагы булуттун
Салкынынан бүткөндөй,
Аңырайган көк жалдын
Алкымынан бүткөндөй
Каткырыгынан кара жер
Араң гана, зорго түткөндөй
Кыраан Манас башында
Кырк чоросу кашында
Бээжинге казат кылам деп
Жер союлуп артында,
Туусу тууга урунуп
Желеги желге кубулуп
Желип өткөн жеринен
Капырай жети күн
Тынбай чубуруп,
Колго берген добулбас
Күүсү кагылып
Сурнай күүсү күн нуруна чагылып
Жети күнчөлүк чалынып.


- Ырахмат Нурак мырза. Кутман курагың кут болсун. Колуңан комузуң, оозуңан ырың түшпөсүн. Элиңдин эрмеги болуп, эсен соо жүрө бер.