“Ата Мекен” 10-ноябрда БШК жана Башпрокуратурага жолдоп билдирүү таратты. Анда президентчил “Ак Жол” партиясы үгүт иштерин Шайлоо кодексине ылайык эмес жүргүзүп жаткандыгы айтылат. Буга жакында эле Бишкекте орус ырчы-чоорчуларынын катышуусу менен өткөрүлгөн концерт мисал келтирилет. Билдирүүдө БШК бул көрүнүшкө карата тийиштүү чара көрбөй жаткандыгы белгиленип, Башпрокуратурага бул маселени кароо талабы коюлган. (EKa)