Орусиялык танкерден Керч кысыгына 1 миң 300 тонна кара май төгүлдү

Беш метрге жеткен катуу бороон-чапкында ВолгаНефт-139 танкери талкаланганын Орусиянын унаа кызматтары бышыктады. Бир эле мезгилде сульфур жана таштанды метал ташып бараткан эки кеме чөгүп кетти. Баш-аягы жыйырмадан ашык суучулдун тагдыры белгисиз бойдон калууда.