12:25 “Асаба” кайра жаралуу партиясы партиялык тизмесин аныктайт

Партиянын теңтөрагасы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча “Асаба” кайра жаралуу партиясы парламенттик шайлоого карата жалпы республикалык курултайын эртең, 13-ноябрда өткөрөт. Курултай Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин чоң залында, жабык эшик артында өтмөкчү. “Жер-жерлерде жыйын өткөргөн учурда, кыйыр түрдө бут тосуулар болду, айрым аймактарда атайын кишилерди жиберип, чагым уюштурууга аракет жасалды. Ушул себептен улам, курултайды жабык эшик артында өткөрүүгө аргасыз болуп атабыз,”-дейт Азимбек Бекназаров. Курултайда парламенттик шайлоого партиянын атынан бара турган талапкерлердин тизмеси аныкталат. Ага катышуу үчүн жер-жерлерден 150 делегат чакырылган. (ZKo)