Грузияда президенттикке талапкерди тандай албай, оппозициянын ыркы кетти

5-январдагы чукул шайлоого алгач парламенттин мүчөсү, шарап менен соода кылган Леван ГачеЧиладзе сунуш этилген эле. Бирок Жумушчу партиясы өзүнүн жетекчиси Шалва Нателашвилини көрсөттү. Оппозициядагы чоң ишкер Бадри ПатарКацишвили да президенттик шайлоого катышуу ниетин жарыялады.