16:00 Кыргыз киносу “Котбус” фестивалынын сыйлыгына ээ болду

6-10 ноябрь күндөрү немис шаары Котбусда Чыгыш Европа фильмдеринин эл аралык он жетинчи
Фестивалы болуп өттү. Фестивалда Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын”, Марат Алыкуловдун “Чек ара” жана Темира Бирназаровдун "Парз" аттуу үч кыргыз тасмасы көрсөтүлгөн. Натыйжада Абдыжапаровдун тасмасы колдоо иретинде “Котбусдун” он миң евро сыйлыгына ээ болду. Аталган фестиваль 1991-жылдан бери өткөрүлүп, быйыл байге фонду алтымыш төрт миң еврону түзгөн. Анын он пайызы кино тартуучулардын жаңы муунун колдоо иретинде грант катары бөлүнүп берилген. (ESu)