Украина союз убагында Кыргызстандан алган 27, 3 млн доллар өлчөмүндөгү карызын кечээ кечинде Улуттук банктын эсебине которуп берди. Бирок бул каражатты украиналык тарап карыз катары эмес, гуманитардык жардам катары көрсөттү. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эки күнгө созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кечээ 14-ноябрда Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү маселеси боюнча макулдашууга кол коюлду. Украина буга чейин Совет учурунан калган 27 миллион доллар карызды тааныбай келген, ал эми Кыргызстан болсо Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна киришине макулдук бербей келген болчу. (MSu)