16:15 «ЭрК» партиясынын шайлоо тизмеси аныкталды

Партиялык тизмени Турсунбай Бакир уулу баштады. Биринчи бешиликке «Супер-Инфо» гезитинин башкы редактору Кылыч Султанов, Карасуу борбордук мечитинин имамы Рошатбек Камалов, омбудсмендин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Пазилат Тажыбаева жана бизнесмен Медер Үсөнөвдөр киришти. (JTo)