11:39 Бишкек шаарынын экономикасынын 9 айлык жыйынтыгы бекитилди

Мэриянын маалыматына караганда 2007-жылдын январь-сентябрь айларында негизги экономикалык көрсөткүчтөр боюнча пландаштырылган иштер аткарылды. 9 айда шаар экономикасына жүз он миллион доллардан ашык түз инвестициялар жасалган, бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 2 эсеге жогору. Бишкек боюнча продукциянын экспорту былтыркыга караганда 38 пайызга өскөн. Ошондой эле жыйырма жети миңге жакын жаңы иш орду түзүлүп, жалпысынан калаа бюджетинин киреше бөлүгүнө пландан тышкары 79.9 млн сом түшкөн. (AiJu)