10:30 Кыргызстандагы балдар укугунун коргоо жаатындагы көйгөйлөр талкууланат

Иш-чарага бейөкмөт уюмдардын, бийликтин өкүлдөрү катышмакчы. 20-ноябрда Касым Баялинов атындагы китепканада өтчү талкууда негизинен балдар укугу боюнча эл аралык мыйзамдардын аткарылышы, жакында эле кабыл алынган Кыргызстандын Балдар жөнүндөгү кодекси тууралуу кеп болмокчу. (EBM)