11:00 Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин Түштүк Кореяга иш сапары башталат

Анын жүрүшүндө өкмөт башчынын милдетин аткаруучу А. Атамбаев Кореянын премьер-министри Хан Док Су, парламенттер аралык “Кыргызстан-Корея” ассоциациясынын төрагасы Пак Чан Сук жана ошондой эле өлкөнүн улуттар ассамблеясынын спикери менен жолугушат. Аталган өлкөнүн айрым ири завод- ишканалары менен да таанышып, кыргыз-кореялык инвестициялык форумга катышмакчы. Өкмөт башчынын Кореяга сапары 20-ноябрда аяктайт. (EBM)