БШК мүчөсү Акылбек Сариевдин айтымында, төрайым келген арыздарды, кайрылууларды БШК мүчөлөрүнө тааныштырбай, мыйзамды одоно бузууда. Акылбек Сариев ошондой эле БШКга келген арыздарды мүчөлөрүнө тааныштырууга төрайым түздөн-түз милдеттүү экенин, бирок алар төрайымга кызматтык кат менен кайрылышканына карабай милдетин аткарбай жатканын айтып, жакынкы отурумдарда бул маселе козголоорун кошумчалады.(SM)