Багдадда барымтага алынган тележурналист бошотулду

Баш калаа Багдадда болсо кечээ өткөн жумада уурдалып кеткен тележурналист Мунтадхар аз-Заиди бошотулду. Ал иштеген “аль-Багдадиях” телеканалынын жетекчилиги журналистти бошотууга эч кандай акча төлөнбөгөнүн билдирди. Бул окуя боюнча мындан башка кеңири маалымат айтыла элек.