Жаңылыктар Ирактагы соңку чабуулдан алты адам ажал тапты 20-Ноябрь, 2007 Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында ракеталык аткылоодон кеминде алты адам ажал тапты. Алардын үчөө жаш балдар. Шаардын полиция башчысынын маалыматына караганда, снаряд бир турак үйгө түшкөн. Аны ким атканы белгисиз.