8:20 ИИМ Алишер Саиповдун өлүмү Өзбекстандагы шайлоого байланыштуу дегенге кошулбайт

Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун өлүмү Өзбекстандагы президенттик шайлоого байланыштуу болду деген пикирин кечээ Бишкектеги маалымат жыйынында билдирген эле. Бирок ИИМ мындай божомолго макул эмес. «Бул маселени далилдеп, тактамайын айтууга болбойт, ошол себептүү биз бул укук коргоочунун өзүнүн жеке пикири деп эсептейбиз», - деп билдирди «Азаттыкка» ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов. Ал ошондой эле бул окуя боюнча ИИМ тарабынан учурунда тиешелүү маалыматтар айтылганын, тергөө бүткөн соң дагы айтылаарын кошумчалады. Журналист Алишер Саиповду 24-октябрда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле. (SM)