10:50 Ардагерлер жана жаштар партиясы сотко кайрылбайт

Партия лидери Абдыгул Чотбаевдин билдиргенине караганда, саясий партия өз документтерин даярдоодо кетирген катасын мойнуна алат . Ошондуктан, ал сотко кайрылып, ашыкчы элге көрүнүү аракетин жасабайт. Ардагерлер жана жаштар партиясынын парламенттик чукул шайлоого катышуу үчүн даярдаган тизмесин БШК мыйзамга төп келбейт деп эсептеп, каттоого алган эмес. (BuS)