11.40 ИИМ Академиясынын студенттери митингке чыгышты

Митинг парламент имаратынын алдында өтүп, ага жүзгө чукул студент катышууда. Бул нааразычылык иш-чараны уюштурууга ИИМ Академиясынын контрактык негиздеги бөлүмүнун жабылышы себеп болгон. Студенттер башка окуу жайга которуулуну каалашпай, окуусун ИИМ Академиясында бүтүрүүгө шарт түзүп берүүнү талап кылып жатышат. (EKa)