Пакистанда Первез Мушарраф кезектеги бийлик мөөнөтүнө киришти

Пакистанда Первез Мушарраф президенттик ант берип, кезектеги бийлик мөөнөтүнө киришти. 1999-жылы аскердик төңкөрүш аркылуу бийликке келген Мушарраф кечээ армиянын башкы командачысы милдетин тапшырып, эми кадимки бейаскер президент болуп калды. Эл аралык жана жергиликтүү коомчулук 8-январга белгиленген парламенттик шайлоого чейин Пакистанда аскердик бийликти жоюуга үндөп келген.