Гиббонс айым 5 күн мурун Ислам динин кордогон жана диний араздашууга жол ачкан деген жүйөө менен камакка алынган. Ал сабак учурунда оюнчук аюуну Мухаммед деп атагандан кийин окуучулардын ата-энелери сотко арыз менен кайрылган. Британиянын Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча кеңешүү үчүн Судандын Лондондогу элчисин чакырды.