МУРГАБДЫК ШАЙЫРЛАР

Кеңешбек уулу Курманбай менен Курманбай Райымжанов Тажикстандын тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын Мургаб районунун Ыранкөл айылынaн келген белгилүү комузчулар. Эки шайыр менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.
- Курманбай мырза “Азаттык” радиосунун студиясына куш келипсиздер. Менин маалыматым боюнча байыртан тоолуу Памирде байыр алып жашап келе жаткан кыргыздардын арасынан чыккан комузчулар күүлөрүн жалпысынан аспаптын буроосуна карата оң, сол, же терс-тетири күүлөр дешип эки топко бөлүп чертишет экен. Өзүң өсүп өнгөн Мургаб аймагынан чыккан чертмекчилер-комузчулар негизинен оң күүлөрдүбү, же сол күүлөрдү чертишеби? Чөлкөмдөн чыккан айтылуу шайырлар барбы? Мына ушулар тууралу кыргыз боордошторуңа маалымат бере кетсең?

- Mургаб – Сарыкөл өрөөнүнөн чыккан комузчулар негизинен оң күүлөрдү чертишет. Биздин аймактан чыккан залкар комузчулар бар. Алсак, Алишер Султан. Ал жакында СД альбомун чыгарды. Сарыкөлдөн чыккан Муса Анарбаев деген атактуу комузчубуз Тажикстандын эл артисти деген ардактуу наамды алган. Совет доорунда өткөн жылдын 60-жылдарында чегарага жакын жайгашкан айылдарда жылкыны кармоо, багуу болбойт деген СССР өкмөтүнүн мыйзамы чыгып, совхоздогу жылкылар массалык түрдө жоготулуп, этке төгүлүп кеткенде Кушбектин небереси Мамазар аке деген комузчу “Ашыра калча жылкы айдa” деген арман күү чыгарыптыр. Азыр ошол күүнү кыргыз боордошторума чертип берейин.

- Ырахмат. Кеңешбек мырза, мына азыр эле Курманбай Мургаб өрөөнүндөгү комузчулар жөнүндө кыскача маалымат берди. Анын кебине кандай кошумчаң бар?

- Биздин Сарыкөл өрөөнүндө комуз кеңири тараган. Кыргыз кайда болсо, кайсыл жерде жашабасын үч кылдуу комузу кошо жашап келет. Ошондуктан байыркы аспабыбызды ардактап чертиши ар бир атуулдун милдети деп эсептейм. Мен эми Курманбай акенин черткен күүсүн улап, бир күү чертип берейин. Күүнүн баянын болсо Курманбай аке айтып берсин.

Курманбай: - “Нарынбек күүсүнүн” тарыхы мындайча. Өткөн заманда биздин элде жылга толо жылкысы бар, тоонун чокусун текендеген топоздору, сан жетпеген кой, эчкилүү бир бай өткөн экен. Кудайберген ажы уулуна чоң той берет. Ошондо катта (чоң) байге коюлган ат чабыш болот. Ошол ат чабышта Кашкардан келген Ташкөз аттуу күлүгү менен Кудайберген ажынын Чайсары аттуу күлүгүнүн жарышын элестеткен “Нарынбек күүсү” аттуу күү чертилип калыптыр. Эми ошол күүнү Кеңешбек чертип берсин.

- Курманбай мырза, Мургаб өрөөнүндө жашаган угуучулардын арасында кыргыздын залкар комузчулары жөнүндө маалыматтар барбы, же жокпу? Билишсе кайсыл шайырлардын ысымдарын, күүлөрүн билишет?

Курманбай: - Кыргыз комузчуларынын ичинен мургабдыктар айтылуу элдик композитор Кырамолдо Орозовдун, Атай Огомбаевдин күүлөрүн билишет. Кийинки жылдарда маданий байланыштар болбой калды. Окуу куралдар жетишпейт. Маалыматтардын жоктугунан алыстап жатабыз. Мына эми жакында Ысыккөлдө өткөн фестивалга катышып Кыргызстандын чар тарабынан келишкен белгилүү комузчулар менен таанышып, таалим алдык. Кудай буюрса мындан ары өз ара маданий байланыштарыбызды чыңдайбыз деп турабыз.

Соңку сөз:

Ооба, Курманбай айткандай акыркы он алты жылда Тажикстанда жашаган кыргыздар менен кыргызстандык боордоштордун ортосунда маданий байланыштар жылдан-жылга солгундоодо. Мургаб эле эмес. Памир -Алай, Каратегинде жалпы кыргыз калкына кенч боло турган көптөгөн элдик көркөм өнөрдүн, ырлардын, күүлөрдүн, кооз үлгүлөрү иликтенбей, изилденбей көз жаздымда калып келүүдө. Алсак, Каратегинде ондогон комуз күүлөрү дутарда, тамбурда, рубабда, домбурада, дойралда, темир ооз комузда, кыл кыякта да аткарылат. Ошондой эле аталган аспаптарда кыргыз ырлары да коштолот. Сандаган күүлөрдүн тарыхтары жазылбай, ырлардын обондору нотага түшүрүлбөй өчүп келүүдө. Бир мисал, кыргыздын кыл кыякчылары менен комузчуларынын арасында “Паризат” аттуу элдик күү кеңири тараган. Ал комузчулардын, кыл кыякчылардын айтымында Памирде, Алайда жашаган шайырлардын арасында илгертеден бери укумдан тукумга көчүп келаткан байыркы күүлөрдүн бири. Анын эл ичинде азыркы күнгө чейин бир топ үлгүсү ыр жана күү түрүндө жашап келүүдө. Ал алайлык Оморбайдын Асел аттуу сулуу кызына арналып чыгарылган. Памирдик кыргыздардын арасында “Паризаттын” эки түрү ырдалат жана күү түрүндө чертилет. Биринчи үлгүсүндө:

Кырмызы көйнөк кыр жака о-ой,
Кыз колукту Паризат о-ой,
Кымсынбай чыкчы бер жакка о-ой,
Сарала моюн саз соно о-ой.

Сизге карай консо экен о-ой,
Сардал зирек Паризат о-ой,
Санатпай бизге келсе экен о-ой,- десе,

экинчи вариантында:

Алапа, шайы дүр базар,
Жериңди көрдүм Паризат.
Ак куурайдай ийилген,
Белиңди көрдүм Паризат.

Акылымды, үшүмдү,
Ай Паризат жар алды.
Көңүлүмдү, үшүмдү,
Күн Паризат жар алды,- деген шекилдүү саптарда ырдалат.