Салтанаттуу кечеде белгилүү драматург Жалил Садыков баш болгон кыргыз драматургдарынын чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлөт. Театрдын фоэсинде ар кыл мезгилдерде коюлган спектаклдерди жана залкар актерлордун жараткан образдарын чагылдырган фото-сүрөт көргөзмөсү уюштурулат Бул тууралуу театрдын көркөм жетекчиси Алмаз Сарлыкбеков “Азаттыкка” билдирди. (AJ)