10:55 Жогорку сот эки саясий партиянын БШКга карата доо-арызын карай баштады

Учурда “Замандаш” партиясынын доо-арызы карала баштады. “Таза коом” партиясынын арызы түштөн кийин каралаары күтүлүүдө. Шайлоо тизмелери туура эмес деп БШК 25-нобярда аталган саясий партияларды каттоодон өткөрбөй койгон болчу. Буга чейин партиялардын арызын Биринчи май райондук соту карап, “Замандаш” жана “Таза коомдун” БШКга болгон дооматын негизсиз деп тапкан. (JTo)