Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө айтылат. Өткөн айда Вашингтон Польша жана Чехияда ракетадан коргонуу системаларын орнотуу планы боюнча расмий Москвага бир катар сунуштарды жолдогон. Анда АКШ Иран жана Түндүк Кореянын ыктымал ракета чабуулунан коргонуу үчүн бул системалар орнотулушу керек экендиги айтылат.