Азербайжанда Ирандын атайын кызматтары менен байланышкан деп айыпталган адамдар көп жылдык мөөнөттөргө кесилди

«Азаттыктын» кабарчысынын маалыматы боюнча, сотто өлкөнүн 15 жараны Азербайжанда динге негизделген мамлекетти курууга аракеттенген деп табылды. Алар ошондой мыйзамсыз курал сакташкан, башка өлкөнүн атайын кызматтары менен кызматташкан деп айыпталды. Сот топтун башчысын жана үч кишини 14 жылга, калган 11 кишини эки жылдан 13 жылга чейин кести.Айыпталгандар кылмыш иштин ойлоп табылганын жана соттун адилетсиз болгонун билдиришүүдө.