8:46 Бүгүн парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болот

Жыйынды штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Искендербек Айдаралиев өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында шайлоо участкаларын тийиштүү техника, байланыш каражаты жана башка керектүү жабдуулар менен камсыздалышы каралат. (AiT)