Эл аралык коомчулук Ливанда жогорку аскер адамынын өлтүрүлүшүн айыптады

Президенттик кызматка көрсөтүлүп жаткан генерал Мишел Сулеймандын ордуна башкы аскер командачысы болуп келе турган генерал Франсуа ал-Хаж кечээ күнү Бейрут шаарынын четинде жардырылды. Полициянын маалыматы боюнча, бомба генералдын автоунаасынын астына коюлган.