Жаңылыктар Сербия президентин шайлоо 20-январга белгиленди 13-Декабрь, 2007 Өлкө парламенттин төрагасынын сөзүнө караганда, эгерде шайлоодо экинчи тур талап кылынса, ал 3-февралда болот. Шайлоого талапкер катары катышууга азыркы президент Борис Тадич жана ашкере улутчул партиянын лидери Томислав Николич ниетин билдирди.