23:20 “Кылым шамынын” БШКга карата доо арызын райсот жарым жартылай канаатандырды

Биринчи май райсоттун чечимине ылайык, 15-декабрдан кечиктирбей БШК Улуттук телерадиокорпорация аркылуу кетирген каталары тууралуу шайлоочуларга толук маалымат бериши керек. БШКнын “Сиздин добуш чечүүчү” деген кыскача нускоосунда 16-декабрда шайлоо участкаларында добуш берүү саат 8:00ден 22:00 чейин жүргүзүлөт деген көрсөтмө Шайлоо Кодексинин 1-беренесине туура келбестиги белгиленген. Сот ошондой эле БШКдан “Сиздин добуш чечүүчү” деген шайлоочуларга кыскача нускоону аймактык шайлоо комиссияларынан чакыртып алуу чечимин чыгарган. "Кылым шамы" укук коргоо борбору БШК шайлоочулар үчүн кыскача нускада олуттуу ката кетирип, бул шайлоочуларды адаштырат,деп Биринчи май райсотуна доо арыз жолдогон. Шайлоо Кодексине ылайык шайлоо участкаларында добуш берүү саат 8:00ден 20:00 чейин жүргүзүлөт. (AJ)