9:10 Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого үгүт иштери бүгүн токтотулду

БШКнын маалыматына караганда, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого добуш берүү 16-декабрда эртең менен саат 8:00де башталып, 20:00 чейин 2274 шайлоо түйүндөрүндө жүргүзүлөт. Анын 2236сы өлкө аймагында, 38 шайлоо түйүндөрү республикадан сырткары. Орусияда -11, Германияда – 3, АКШда -3, Түркияда-2, жалпысынан 23 мамлекетте шайлоо түйүндөрү түзүлгөн. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу партиялык тизме менен өтүүчү парламенттик шайлоого 12 саясий партия ат салышууда. (AJ)