14:21 Кочкор райакими Кумдөбөдөгү шайлоо түйүнүнүн төрагасына акча сунуштаганы айтылууда

Кумдөбө айылындагы шайлоо түйүнүнүн төрагасы Советбек Ильясов, ага 100 миң сом акча сунуштаганын мойнуна алуудан коркуп жатат. Бирок “Ильясов акча алуудан баш тарткандан кийин Кочкор районунун акими аны коркутуп, көрсөтмө боюнча “Ак жолго” добуш топтобосо кызматтан өз каалоосу менен кетүүгө арыз жаздырып алганы тууралуу маалымат бар”,- деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын райондогу координатору Урмат Кадыркулов. Анын айтымында, Кочкор айылындагы Арабаев атындагы мектептеги шайлоо түйүнүнүн төрайымы эшиктин алдына чыгып алып, “Ак жолго” добуш бергиле деп шайлоочуларды үндөгөнү видеотасмага түшүрүлдү. Кочкор райадминистрациясында нөөмөттө турган кызматкер бул маалыматтарды четке какты. Кочкор районунун акими Курманбек Байтереков менен байланышууга азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)