Британ аскерлеринин Ирактын түштүгүндөгү Басра провинциясындагы коопсуздукту камсыздоо милдетин өлкөнүн өкмөттүк күчтөрүнө өткөрүп бериши козголоңчуларга чоң жардам болду. Бул тууралуу “ал-Каида” уюмундагы экинчи алам Айман ал-Завахри исламисттик интернет баракчада жайгаштырылган тасмада айтты. Кечээ британ аскерлери мунайга бай Басра провинциясындагы коопсуздукту камсыздоо вазийпасын Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө өткөрүп берген болчу.