08:35 Ош шаарында ачкачылык акциялары бүгүн улантылары күтүлүүдө

Бул тууралуу «Азаттыкка» «Ата мекен» партиясынын Оштогу штабынан кечээ кечинде билдиришти. Парламенттик шайлоонун тыянактарына нааразы болгон «Ата мекен» партиясынын 80 чамалаш демилгечиси кечээ партиянын облустук жана шаардык штабдарында ачкачылык акциясын башташкан. Алар мыйзам бузулган шайлоо бекеттериндеги добуштарды кайра саноону талап кылышууда. Ушундай эле талап менен кечээ партиянын Жалалабаддагы штабында 10 киши ачкачылык жарыялашкан. Алардын айрымдары ооздоруна желим кагаздарды чаптап алышкан. (BuS)