Буга байланыштуу маалымат жыйынын уюштурганы жатат. Партия ар кандай соттук териштирүүлөр акыйкат тыянак берерине ишенбейт. Ошондуктан, парламенттик шайлоо тыянактары боюнча сотко кайрылбайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» берген интервьюсунда партия лидери Азимбек Бекназаров билдирген. Анын айтымында, шайлоо мыйзам чегинде эмес, Акүйдүн көрсөтмөсү менен өттү. (BuS)