11:01 «Атамекен» партиясы БШКнын чечимин мыйзамсыз деп атады

Партиянын лидерлеринин бири Кубатбек Байболовдун билдирүүсүнө караганда, «Атамекен» партиясы Ош шаарынан 3 миңден ашуун шайлоочунун добушун алып, 0.5% тосмону ашып өткөн. Бул биздеги протоколдор, документтер менен тастыкталган , деп белгиледи Байболов. Анын айтымында, эми алар БШКнын чечимин сотко беришет. Борбордук шайлоо комиссиясы «Атамекен» партиясы Ош шаарынан 590 добуш алуу менен 0.5% тосмону ашып өтө алган жок деп, депутаттык мандат бөлүштүрүүгө жолоткон жок. (AiT)