18:44 Каршылык акциясына чыккандардын абакта жатышы мыйзамсыз

Мындай билдирүүнү 20-декабрда нааразылык акциясына чыгып, соттолгондордун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, ал Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылды. Жарандык кодекстин 598-беренесине ылайык апелляциялык арыз берилгенден кийин кармалгандар дароо бошотулуш керек. Анткени соттук териштирүү аягына чыга элек, деп белгиледи адвокат. Маалым болгондой Биринчи май райондук соту 20-декабрда нааразылык акциясына чыккандарды кыска мөөнөткө кескен. 16 адамдын 13 учурда жазасын өтөөдө.(AiT)