8:05 Өкмөттүн жаңы курамында олуттуу өзгөрүүлөр болбойт

Бул тууралуу премьер-министр Игорь Чудинов кечээ парламент комитетине өкмөт түзүмүн талкуулаганы барганда билдирди. Маалыматтарга караганда, парламент өкмөт түзүмүн бекитсе, премьер-министр өкмөттүн жаңы курамын президентке сунуштайт. Өкмөттүн жооптуу кызматкери бүгүн түшкө калбай министрлердин дайындалышы боюнча президенттин жардыктары чыга баштаарын белгиледи. (AJ)