Тажикстандын соту Өзбекстан ислам кыймылы менен кызматташкан деп айыпталган 3 кишиге өкүм чыгарды

Сот аларды терроризм жана мыйзамсыз куралдуу топ түзгөндүгү үчүн күнөөлүү деп тапты. 1 айыпкер 17 жылга, экөө 10 жылдан түрмөгө кесилди. Судьянын айтымында үчөө өткөн жайда кармалган. Адвокат болсо жогорку сотко апелляциялык арыз берерин маалымдады.