ЖАҢЫ ЖЫЛДА КЫРГЫЗСТАНДА ГАЗ КЫМБАТТАДЫ

Кыргызстанда жаңырган жылда жаратылыш газынын баасы көкөлөдү. Өткөн жылы көгүлтүр отунду Бишкек Өзбекстандан 100 АКШ доллардан алып келсе, жаңырган жылдан тарта 145 доллардан алмай болуп келишимге кол коюшту. Азык-түлүк менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы асмандап жаткан учурда отун-суунун дагы кымбатташы калктын аялуу катмары үчүн кезектеги оор сыноо болуп калды.
Өзбекстандан көгүлтүр отунду сатып алуу жөнүндө "Узтрансгаз" ишканасы менен келишимге "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев 29-декабрда кол коюп кайткан. Келишим боюнча Кыргызстан газдын ар бир миң кубометрин 145 АКШ долларынан сатып алмай болду. Жаңы баа боюнча карапайым калкка газ 35 пайызга кымбаттамакчы.

-Былтыр газдын баасы карапайым жарандар үчүн 5 сом жыйырма тыйындан болчу. Быйылкы эсептөөлөр боюнча газдын бир кубометри калк үчүн 7 сом жыйырма тыйын болот. Өнөр жай объектилери жана ишканалары үчүн азыр баа чечиле элек, бирок албетте аларга кымбатыраак болот,-деп билдирди “Азаттыкка” “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз катчысы Айзада Тойгонбаева.

Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда Өзбекстан Кыргызстанга газдын баасын 185 доллардан сунуш кылган. Бирок кыргыз тарап бул абдан кымбат экенин билдирип, аны арзандатуу боюнча бир катар оор сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Акыры 145 доллардан сатып алуу жөнүндө бүтүмгө токтошкон. Жаңы жылдын алдында премьер-министр Игорь Чудинов “Азаттыкка” айткан сөзүндө Кыргызстан сүйлөшкөн газдын баасы башка өлкөлөргө караганда анча кымбат эмес деп билдирген. Мисалга, газга бай Россия өзбек газын 165 доллардан сатып алууга макул болгон.

Байкоочулардын баамында Кыргызстан үчүн көгүлтүр отундун баасын бычуу жогорку саясий жетекчиликтин ортосундагы мамиле-макулдашуулардын натыйжасында чечилген иш болуп калды. Жаңы жылдын алдында президент К. Бакиев Өзбекстандын президенти И. Каримов менен телефон аркылуу байланышып, аны шайлоодо жеңип чыгышы менен куттуктап, бир эле учурда газ маселесин дагы жакшы чечип берүү жагын сүйлөшкөн. "Кыргызгаз" ишканасынын Чүй областтык башкармасынын жетекчиси Канат Исаевдин пикиринде газ маселеси президенттердин сүйлөшүүлөрүнөн кийин оң чечилип отурат.

- Мен ойлойм, ушул мамлекет башчысы сүйлөшкөндөн кийин Өзбекстан тарап 145 доллардан сатууга макул болду. Болбосо бул баага да берет ойлогон эмеспиз,-дейт Канат Исаев.

Былтыр келишим боюнча Кыргызстан Өзбекстандан 850 миллион кубометр газ сатып алган. Быйылкы келишимде газ былтыркыга караганда 100 млн кубометрге аз каралган. Мунун себеби көгүлтүр отунду керектөө өнөр жай ишканаларынын арасында кыскарып жатканына байланыштуу. Анткени, айрым ишканалар отундун башка түрүнө өтүүдө. Бирок калк ичинде газды керектөөнүн көлөмү көбөйбөсө азайган жок.

Анткен менен азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы асмандап жаткан учурда газдын кымбатташы элге кыйла эле оорчулук алып келери айтылууда. Айрыкча багар-көрөрү жок кары-картаңдар, жумушсуз жарандар кымбатчылыкка кабыргасы кайышып турган чак. Бишкектик пенсионер Мукаш Асанбаев үйбүлөсүндө пенсия алган жалгыз адам, байбичеси мамлекеттен эчтеке албайт. Бир кишинин пенсиясы тамак-ашка, отун-сууга төлөгөнгө караандабай калат. Ошондуктан алар күндүзү көмүр жагып, газды түнкүсүн тоңуп калбайлы деп үлбүрөтүп эле күйгүзүп коюшат экен. Газдын кымбаттап жатканы жөнүндө кабарды Мукаш Асанбаев дагы кабатыр болуп кабыл алды.

- Миң сомдун тегерегинде пенсия алсак, анан ошол тамак-ашка жетеби, газга жетеби же кымбаттап аткан наныңа жетеби, эптеп эле оокат өтмөй да, - дейт Мукаш Асанбаев.

Газ керектөөчүлөрдүн 70 пайыздан ашыгы баш калаа Бишкекте топтолгон. Баш калаада миңден ашык өнөр жай жана коммуналдык-чарбалык ишканалар, 160 миңден ашуун жеке кардарлар газ керектейт. Газ акысына жеңилдик алуучулар 30 категорияга бөлүнгөн. Алардын ичинде 30, 40, 50 жана 100 пайызга чейин жеңилдик алгандар бар. Эң чоң жеңилдик Улуу Ата мекендик согуштун жана ооган согушунун ардагерлери, персоналдык пенсионерлер жана майыптар үчүн каралган. “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчилиги жеңилдиктер быйыл дагы өзгөрүүсүз калат деп билдирүүдө.

Кубат Чекиров, Бишкек