АКШда президенттикке талапкерлерди шайлоо башталды

Бүгүн АКШнын Айова штатында өлкөнүн эки негизги партиясынын өкүлдөрү президенттикке татыктуу деген саясатчылар үчүн добуш беришет. Штаттын 1800 чамалуу коомдук борборунда өтчү жыйындарда Демократтык жана Республикалык партиялардын активистери президентке татыктуу деген талапкерлерди шайлайт. Байкоочулардын баамында, демократ- талапкерлердин ичинен Хиллари Клинтон, Жон Эдвардс жана Барак Обаманын мүмкүнчүлүктөрү бирдей. Республикачылардан болсо, Арканзас штатынын мурдагы губернатору Майк Хакаби жана Массачусетс штатынын экс губернатору Митт Ромнинин мүмкүнчүлүгү көбүрөк.