Одинганын айтымында, президент Мваи Кибаки андай сунуш жасай албайт, себеби 27-декабрь күнкү шайлоодо утулуп калган. Шайлоодон кийин башталган тополоңдо Кенияда үч жүздөй адам набыт кетти. Улуттар уюмунун божомолунда 250 миңдей адам жер которууга аргасыз болду.