Пакистандын Элдик партиясы БУУга кайрылууга ниеттенүүдө

Эгерде Пакистандын Элдик партиясы парламенттик шайлоодо жеңсе, Беназир Бхуттонун өлүмүн иликтөө өтүнүчү менен Улуттар уюмуна кайрылат. Партия өкүлү Фархатулла Бабардын айтымында, оппозиция лидеринин өмүрүнө кол салуу тууралуу өкмөттүн жоромолу дайыма өзгөрүүдө. Президент Первез Мушарраф болсо, оппозиция лидеринин өмүрүн сактап калуу үчүн бардык чаралар көрүлгөнүн айтты.