Иран АКШ президентинин Жакынкы Чыгышка болчу иш сапарын сынга алды

Расмий Тегерандын ырасташынча, Жорж Буштун сапары аймактагы мамлекеттердин ички саясатына кийилигишүү болуп эсептелет. 9-январда АКШ президентинин Израиль, Кувейт, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Египетке иш сапары башталат. Сапар учурунда Буш араб өлкөлөрүнүн лидерлери менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшөөрү күтүлүүдө.