8:27 Быйылкы жылдын бюджети боюнча долбоор парламентке эмки жумада жиберилиши күтүлүүдө

Каржы министри Тажикан Калимбетованын журналисттерге билдиргенине караганда, бул долбоорду өкмөт 16-январда карамакчы. Министр айым админстративдик-аймактык реформа аягына чыкмайын өлкө кайра үч деңгээлдүү бюджетке кайтып келгени оң деп эсептейт. Былтыр Кыргызстан эки деңгээлдүү бюджетке өтүп, бирок ошол эле учурда облустук түзүмдөр мурдагы калыбында иштөөнүү улантууда.(SM)