Расмий Исламабад өлкөдөгү өзөктүк куралдын коопсуздугу үчүн тынчсызданууга негиз жоктугун билдирди

Эки күн мурун Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин жетекчиси Мохаммед эл-Барадейи Пакистандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу өзөктүк курал экстремисттик топтун колуна тийиши мүмкүн деп билдирген. Буга жооп катары Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү өлкө жоопкерчиликтүү өзөктүк держава экендигин айтты.